Бишкек шаарында жети миллионунчу жарандын төрөлүшүнө байланыштуу борбор калаанын мэри Абдыкадыров Эмилбек Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан ымыркайдын ата-энесине 200 000 сом өлчөмүндөгү сертификатты «сүйүнчү» катары тапшырды.

Баланын атын Хамза коюшту. Ал 2022-жылдын 19-октябрында  саат 2:25 мүнөт 40 секундада төрөлгөн. Мэр кичинекей бишкектикке жана анын ата-энесине чың ден соолук каалап, белектерин тапшырды.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 19-октябрында саат 2:10 мүнөт 10 секундда Баткен облусунун Кызы-Кыя шаарында Кыргыз Республикасынын жети миллионунчу жараны төрөлгөн.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын жети миллионунчу тургунунун туулган күнүнө карата иш-чараларды өткөрүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын отурумунун негизинде төмөнкү чечим кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин  жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин төрагасысынын маалыматына ылайык, жети миллионунчу жаран төрөлгөндөн кийин Кыргыз Республикасынын ар бир областында, Бишкек жана Ош шаарларында дагы сегиз бала жарык дүйнөгө келген.