Оор атлетика боюнча Олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучусу Эмил Молдодосов (89 кг.) Азия чемпионатында 2-орунду ээледи.
Азия чемпионаты Манамада (Бахрейн) өтүүдө.
Жалпысынан спортчу 3 медалга ээ болду: жулкуп көтөрүүдө - 1-орун, түртүп көтөрүүдө - 3-орун. Упай боюнча - 2-орун.
Машыктыруучулар: Молдодосов Өмүржан жана Токтоналиев Камбар.