Борбор калаанын акимияттарында социалдык келишимдин негизинде социалдык жардам көрсөтүү боюнча комиссиялар иштеп жатат.

Свердлов районунда комиссия долбоордун катышуучуларынын программаларын жана бизнес-пландарын карап чыкты.

Долбоордун алкагында комиссиянын 6 отуруму өтүп, анда бизнес-долбоорлор боюнча 62 арыз каралып, анын ичинен 43 документ жактырылган. Долбоордун 43 катышуучусу буга чейин ар бири 100 000 сомдон алышкан.

9-сентябрдан 1-октябрга чейин 41 арыз берүүчү бизнес-пландарда көрсөтүлгөн жабдууларды, товарларды жана жеке бизнесин уюштурууга керектүү кызматтарды сатып алышкан. Бул үчүн ар кайсы аймактарда атайын сатып алуу топтору түзүлгөн.

Жалпысынан 43 бизнес-план бекитилди, анын ичинде:

- тигүү өндүрүшү - 29;
- чакан дүң соода - 6;
- коомдук тамактануу жана ашпозчулук - 1;
- тиричилик кызматтары (тазалоо) - 1;
- жүргүнчүлөрдү ташуу кызматын көрсөтүү үчүн автоунаа сатып алуу - 3;
- башка өндүрүш (биожер семирткичтерди өндүрүү - биогумус - 1);
- маникюр боюнча кызматтар - 1;
- асыл тукум тоок - 1.

Ленин району боюнча долбоордун алкагында 9 комиссиянын отуруму болуп, анда бизнес-долбоорлор боюнча 43 арыз каралып, анын ичинен 27 документ жактырылган, 3 документ кайра кароого жиберилген, 10 арыздан баш тартуу жана анын ичинен 3 документ келбегендиктен каралбай калган.

Долбоордун 24 катышуучусу ар бири 100 000 сомдон алып, өздөрүнүн бизнес долбоорлорун ишке ашыра башташты.

Социалдык келишимдин алкагында жаран ишкердик менен алектенип, жеке көмөкчү чарбаны өнүктүрүп, ошондой эле социалдык келишим боюнча алынган каражаттардын эсебинен турмуштук оор кырдаалдан чыга алат.