BPC KG компаниясы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттиктин алдындагы МЖӨ (ГЧП)  борбору тарабынан уюштурулган эл аралык конференцияда «Коомдук транспортто электрондук билеттер» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча долбоору үчүн сыйланды.

Эл аралык мамлекеттик-жеке өнөктөштүк конференциясы 2022-жылдын 5 жана 6-октябрында Бишкекте Азия өнүктүрүү банкынын, Бириккен Улуттар Уюмунун Европалык Экономикалык Комиссиясынын жана ЮНИСЕФтин колдоосу менен өттү. Бул туруктуу инфраструктуралык долбоорлорду өнүктүрүү жана ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасындагы биринчи ири эл аралык иш-чарасы.

Эске салсак, BPC KG 2019-жылдан бери иштеп келе жатат. 2020-жылдын 1-мартынан тарта система коммерциялык ишке киргизилген. Бүгүнкү күндө электрондук билет системасы бардык муниципалдык коомдук транспортторду камтыйт. Накталай эмес төлөмдөрдүн беш түрү киргизилип, "Тулпар" мобилдик тиркемеси иштелип чыгып, аны 20 миңден ашык жаран колдонот.