Т.Усубалиев аянтында Кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүнө карата атайын иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Бишкек шаарынын жарандык коргонуу кызматтарынын күчтөрү жана каражаттары көрсөтүлүп, Бишкек шаарынын шаардык жарандык коргонуу кызматтарынын кызматкерлеринин катышуусунда салтанаттуу жүрүш өттү.

Мындан тышкары, Бишкек шаарындагы билим берүү мекемелеринин мектеп окуучулары арасында «Куткаруучу» темасында «Мыкты ыр саптары» жана «Мыкты сүрөт» номинацияларынын жеңүүчүлөрүнө дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды.

Эске салсак, 2022-жылдын 5-сентябрынан 5-октябрына чейин борбордо табигый кырсыктардын коркунучун азайтуу боюнча бир айлык өткөрүлгөн.

Бир айлыктын алкагында мекеме-ишканалардын жумушчулары жана кызматчылары ар кандай мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын коркунучу жана келип чыгышы учурундагы иш-аракеттерди үйрөтүштү.

Бишкекте бир айлыктын алкагында Бишкек шаарындагы бардык мектептерде жарандык коргонуу күнү өткөрүлдү. Мектеп окуучуларынын арасында «Куткаруучу» темасында «Мыкты ыр саптары», «Мыкты сүрөт» кароо-сынагы, «Коопсуз мектеп» деген темада орто мектептердин директорлору менен ачык сабактар өткөрүлдү. Окуучулар арасында «Жаш куткаруучу» деген темада жана жогорку класстын окуучулары арасында спорттук жана жеңил атлетика боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Соода борборлорунда жана базарларда машыгуу, өрт-тактикалык машыгуулар өткөрүлдү.

Иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «5-октябрды Кыргыз Республикасында табигый кырсыктардын коркунучун азайтуу күнү деп жарыялоо жөнүндө» токтомунун негизинде өткөрүлдү.