Бишкек шаарында Борбордун түштүк бөлүгүнүн сууну бөлүштүрүү системасынын үчүнчү магистралдык өткөрмө түтүгүн куруп жатат.

Канализациялык коллектордун курулушу 2021-жылдын сентябрь айында Швейцариялык Конфедерация Өкмөтү жана Европа Реконстукциялык Өнүктүрүү Банкы тарабынан  каржыланган “Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо” эл аралык долбоорунун чегинде башталган.

Долбоордун наркы 16млн.еврону түзөт, анын ичинде кредит 8 млн.евро жана грант 8 млн. евро.

Бүгүнкү күнү 3557 метр магистралдык өткөрмө түтүк коюлду. Анын ичинен Ленское көчөсү боюнча Фучик көчөсүнөн Пригородное айылынын батыш коллекторуна чейин 1657 метрдеги диаметри 1000мм болгон темир бетон түтүгү коюлду. Ошондой эле тазалоо курулмаларынан Юбилейный көчөсү боюнча Пригородное айылынын Мыскал көчөсүнө чейин курулуш иштери жүргүзүлдү. 1900 метр аралыктагы диаметри 2000мм түтүк коюлду.

Курулуп жаткан коллектордун агынды сууларды өткөрүү боюнча кубаттуулугу суткасына 100 миң кубду түзөт. Канализациялык коллектор 70 жылдан ашык мөөнөт иштейт.

Жаңы канализациялык тармактардын курулушу – бул бир нече этапта аткарыла турган татаал техникалык курулма: жер иштери, өткөрмө түтүктөрдү салуу үчүн негизин даярдоо, пайдубалды куруу, кабыл алуу камерасын куруу, канализациялык кудуктарды куроо.

Диаметри бир метрден эки метрге чейин болгон магистралдык өткөрмө түтүктүн жалпы узундугу – 11 км. 2023-жылы долбоорду бүткөрүү пландаштырылууда. Бул перспективада шаардын жаңы райондорун канализациялык тармактарга кошууну камсыздоо үчүн жасалып жатат.

Иштер автотранспорт кыймылдарын чектебестен жүргүзүлүүдө.

МААЛЫМАТ:
Бишкек шаарынын абоненттеринен агынды сууларды топтогон жана транспортирлеген, жалпы шаарды сууну бөлүштүрүү менен камсыздаган шаардык канализациялык тармактардын жалпы узундугу 776,3км түзөт. Шаардын негизги канализациялык тармактары өткөн кылымдын 50-80-жылдары курулган.