Бильярд жана велоспорт боюнча адистештирилген олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары бильярд спорту боюнча мырзалар жана айымдар арасында «Уландысы бар эркин пирамида» дисциплинасы боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышышты. Иш-чара Югорск шаарында (Россия) өттү.

Мелдеш бильярд спорту жаатындагы эл аралык мамилелерди өнүктүрүү жана чыңдоо, Чемпионаттын жыйынтыгы менен күчтүү оюнчуларды аныктоо жана албетте “Уландысы бар эркин пирамида” бильярд оюнун өнүктүрүү жана жайылтуу максатында өткөрүлдү.

Жалпысынан 52 оюнчу катышып, жыйынтыгында биздин спортчулар төмөнкү орундарга ээ болушту:

Лепшаков Дастан - 1-орун;
Мадаминов Азизжон - 3-орун;
Ратбеков Ызатбек – 9-орун.

Бишкек шаарынын мэриясы спортчуларды жакшы жетишкендиктери менен куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди каалайт!