Чарбалык субъекттердин жана жеке ишканалардын санитардык нормалардын сакталышыа Көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы өзгөчө көзөмөл жүргүзүүдө.

Текшерүү учурунда бир айдын ичинде эле 141 протокол түзүлүп, шаардыктар тарабынан 826 миң 500 сомго көрктөндүрүү эрежесин бузуу фактылары катталган.

Борбор калаадагы мыйзам бузуулар боюнча КРнын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 114-беренеси мурдагыдай эле көп катталууда.

Тазалык тартибин сактабагандыгы үчүн: таштандыларды алуу графигин бузган «Комтранском» ишканасы, «Аралия» ишканасы (Саманчин көч., 25) жана башка шаар тургундары жоопко тартылышат.

Ошондой эле инспекция тарабынан 50 чарбалык субъектилердин ээлерине таштанды чыгаруунун алдын алуу жана чектеш аймактагы тартипти милдеттүү түрдө сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Муниципалдык инспекция борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, менчигинин түрүнө карабастан ар бир адам күн сайын өз аймагынын айланасында тазалыкты камсыздап турушу керектигин эскертет.