Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестиция тартуу агенттигинин директору Курманбек Молдокулов жана Борбордук Азиядагы Коррупция жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоо көйгөйлөрүн изилдөө институтунун директору Мамбеталиева Э.Ж. жергиликтүү деңгээлде коррупцияга каршы саясатты биргелешип ишке ашыруу максатында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.

Кол коюлган меморандумдун алкагында Мамбеталиева Э.Ж. Молдокулов К.Т.га коррупцияга каршы саясат боюнча  изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын жана китептерин тапшырды.

Документке кол коюу биз үчүн биргеликте иш алып барууга жана Бишкек шаарынын тургундарынын кызыкчылыктарын алдыга жылдырууга чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп ишенебиз.