Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында «Стальмонтажплюс» ЖЧКсы менен Свердлов райондук муниципалдык администрациясы тарабынан «Стальмонтажплюс» ЖЧКсынын демөөрчүлүк каражатынын эсебинен Гоголь көчөсүн Жумабек көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин капиталдык оңдоодон өткөрдү.

Оңдолгон көчөнүн жалпы аянты унаа токтотуучу жайларды кошкондо эки миң беш жүз метрди түзөт.

Аталган жол тилкеси союз мезгилинен бери оңдолгон эмес, бүгүнкү күндө асфальт төшөлгөндөн кийин балдар велосипед тээп, унаа токтотуучу жайлар пайда болуп, абдан ыңгайлуу жана коопсуз болуп калды.