«Тазалык» муниципалдык ишканасы шаарды көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо иштерин улантууда.

Ишкананын кызматкерлери шаардын бардык райондорунда аялдамаларды жууп-тазалоону улантууда. Жумушка 10 жумушчу жана 5 бирдик атайын техника тартылды.

Чыңгыз Айтматов, Чүй, Манас, Жибек-Жолу проспектилериндеги, Жаш Гвардия бульвары, Фучик, Жусуп Абдрахманов, Байтик Баатыр жана 7-апрель көчөлөрүндөгү аялдамаларды жууп-тазалоо жүргүзүлдү.

Мындан тышкары ишкананын кызматкерлери графикке ылайык жолдорду жууп жатышат.