Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылында ышкыбоздор арасында триатлон боюнча «Суперспринт» жана «Стандарт» дистанциясы боюнча Кыргыз Республикасынын «VISA Triathlon Issyk-Kul 2022» чемпионаты болуп өттү.

Мелдешке 200гө жакын адам катышып, шаардык бильярд жана велоспорт боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинен 7 велоспортчу катышты. Эстафетадагы жыйынтык боюнча - эркектер командасы Александр Дядичкин жана анын командасы 1-орунду ээледи.

Эстафета – аралаш команда:
- Маткаримов Мухамед-Али өз командасы менен – 3-орун;

Эстафета - айымдар командасы:
- Евгения Березовская өз командасы менен – 2-орун;
- Шереметова Елизавета өз командасы менен – 3-орун.

Триатлон боюнча мелдештер Кыргызстанда триатлон жана веложарыш спортун кеңири жайылтуу жана андан ары өнүктүрүү, калк арасында сергек жашоо образын жайылтуу, спорттун велоспортуна адистешкен спортчулардын спорттук чеберчилик деңгээлин жогорулатуу максатында өткөрүлүүдө.

Ошондой эле спорттук атаандаштыктын атмосферасын түзүү, спортчуларга бирдей мүмкүнчүлүктөрдү жана адилеттүү мелдештүү камсыз кылуу дагы иш-чаранын бирден бир максаты.

Бишкек шаарынын мэриясы спортчуларды алган кубоктору менен куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди каалайт!