Муниципалитетте мэр Роберто Лагалла башында турган Палермо шаарынын мэриясынын делегациясы менен видеоконференция жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Бишкек жана Палермо шаарларынын ортосунда шаар бийлигинин ар кандай тармактарында кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен демилгелерди талкуулашты. Ошондой эле маданий-агартуу тармагында тажрыйба алмашуу талкууланды.

Жолугушууга  Массимо опера театрынын, Италиянын Соода-өнөр жай палатасынын жана Палермо университетинин өкүлдөрү, ал эми Бишкектен - М.Рыскулбеков атындагы  Кыргыз экономикалык университетинин ректору  Алмаз Кадыралиев, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын директору  Алмазбек Истамбаев, Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Эльмира Батаева катышты.