Борбор калаада көчөлөрдү жана парктарды көпктөндүрүү улантылууда.

“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы жол инфраструктурасын оңдоо, жол сызыктарын чийүү жана борбор калаанын көчөлөрүнө жол белгилерин орнотуу боюнча активдүү иш алып барууда. Ишкана тарабынан Дзержинск көчөсү узундугу 609 метр, туурасы 6 метр Ак-Тилек көчөсүнөн Жерге-Тал көчөсүнө чейин асфальттоо иштери жүргүзүлдү. Бүгүнкү күндө Дзержинск көчөсүн Ак-Тилек көчөсүнөн Фере көчөсүнө чейин асфальт төшөө үчүн даярдык иштери жүрүп жатат.

Манас проспектиси боюнча тротуарды асфальттоо иштери Л.Толстой көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин аяктады.

Ошондой эле, ишкананын адистери тарабынан “Балалык” сейил багына кирүүчү жолдун курулушу, анын ичинде тротуарды асфальттоо жана тротуарга термопластик менен жол чийиндерин чийүү иштери жүргүзүлдү.

Урматтуу шаардыктар! «Бишкекасфальтсервис» МИнин иши боюнча сиздер суроо-талаптарды (фото жана видео) Instagram социалдык тармагына жөнөтө аласыздар: mp_bishkekasfaltservis.