Борбор калаанын футболчулары «Илбирс» клубун жеңип алышты. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын стадионунда өткөн беттеште коноктор биринчилерден болуп эсепти ачышты. Алганын дарбазачысы Павел Матяштын катасынан кийин Элзар Мелисбек уулу Илбирсти алдыга алып чыкты.

Экинчи таймдын башында «Алга» пенальти тебүү укугуна ээ болду. Клубдун тарбиялануучусу Бекзат Кенжебеков дриблинги менен «Илбирстин» коргоочуларын айып аянтчада өзүнө карата эреже бузууга мажбурлады. Бирок Рауль Жалиловдун 11 метрлик жерден тепкен тобун атаандашынын дарбазачысы кайтарып алды. Бул ийгиликсиздик оюндун сапатына жана “Алганын” маанайына эч кандай таасир эткен жок, Адил Кадыржанов менен Андрей Долженконун аракети менен “Алга” дагы эле эрктүү жеңишке жетишти. Чечүүчү топту Долженкого башкы калыс кошкон убакытта ээ болгондугун кошумчалайбыз.

Муну менен борбор калаа клубу төртүнчү жеңишине жетишип, жеңилбестик сериясын 5 беттешке жеткирди. Бул аралыкта бир гана тең чыгуу катталган. Чемпионаттын аягына алты тур калганда алгалыктарды үчүнчү орундан эки гана упай ажыратып турду. 2023-жылы АФК кубогунда (Азия футбол конфедерациясы) ойноо укугун бере турган экинчи позициядан айырма 7 упай.

"Алга-Бишкек" ФК кезектеги оюнун 13-октябрда "Кара-Балта" ФК менен өткөрөт.

“Алга” алга!