“Бишкексууканал” ишканасынын өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматы боюнча, 13-октябрда саат 9:00дөн 24:00гө чейин борбор калаанын айрым райондоруна таза суу берүү токтотулат.
Турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-тиричилик объектилеринде жана өнөр жайда суу өчүрүлөт.
Төмөнкү жерлерде суу токтотулат:
•Ала-Арча суусу - темир жол линиясы – Жибек Жолу пр. –Ж. Гвардии бульвары;
•Ж. Гвардии бульвары - темир жол линиясы – Фрунзе көчөсү – Манас проспектиси.
Ичүүчү суу «Гагарин» суутоптомолору жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.
Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.