Борбор калаанын акимиаттары Курултайга даярдык көрүүдө.

Даярдык иштери Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы №284 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгынын, ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин 15-сентябрдагы №44 “Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө” токтомунун алкагында жүргүзүлүүдө.

Иш-чаралардын планы түзүлүп, Курултайга делегаттарды көрсөтүү боюнча жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштарынын жана жыйындарынын графиги бекитилди.

Белгилей кетсек, биринчи Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин экинчи жыйынында иш-чаранын датасы 2022-жылдын 5-ноябрына белгилөө чечими кабыл алынган, ага байланыштуу жергиликтүү курултайлар республиканын аймактарында, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында өтөт.

Ал эки этапта өтүшү керек: адегенде жергиликтүү курултай чакырылып, делегаттар шайланат, андан кийин ыйгарым укуктуу делегаттардын катышуусунда Элдик курултай өткөрүлөт.

Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоону уюштурууну жергиликтүү кеңештер чечет, алар кезексиз сессиянын чечими менен биринчи Элдик курултайга катышуу үчүн делегаттарды шайлоо үчүн жергиликтүү курултайды чакырышат.

Жергиликтүү курултайга делегаттар айылдын же шаардын тургундарынын санына жараша шайланат.


Октябрь районунун графиги

Биринчи май районунун графиги

Свердлов районунун графиги

Ленин районунун графиги