Билим берүү башкармалыгы Ленин районунун №53 мектепке чейинки билим берүү уюмунун базасында «Мектепке чейинки курактагы балдарды мектепте даярдоо» деген темада МЧББУунун тарбиячыларына семинар-практикум өткөрдү.  Семинарга 87 шаардык педагогдор катышты.

Мындай семинарлар Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы тарабынан мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында жыл сайын өткөрүлүп келет.

Мектепке чейинки билим берүүдөгү заманбап педагогикалык технологиялар Бишкек шаарындагы мектепке чейинки билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарын ишке ашырууга багытталган. Педагогикалык жамаат балдар менен иштөөдө жаңы формаларды, методдорду жана технологияларды ийгиликтүү колдонушат. Мына ушулардын бардыгы мектепке чейинки балдарды тарбиялоонун сапатын жогорулатууга жана аларды мектепке даярдоого мүмкүнчүлүк берет.