Астана шаарында өткөн II Эл аралык педагогикалык чеберчилик фестивалында Бишкек шаарындагы №3 бала бакчанын директору Салтанат Кеңешчоро кызы 1-орунга ээ болду.

Салтанат Кеңешчоро кызы 38 жашта. Билим берүү тармагында 2009 жылдан баштап эмгектенип келе жатат. Бишкек шаарындагы мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячынын жардамчысы жумушунан директорлук кызматка чейин жеткен, көп тилдүү билим берүүнүн координатору, кыргыз, орус жана англис тилдерин жакшы билет.

Салтанат Кеңешчоро кызы 2022-жылы №3 мектепке чейинки билим берүү мекемесинде көп тилдүү билим берүү боюнча ресурстук борбор ачып, ошондой эле Бишкек шаарындагы мектепке чейинки билим берүү уюмунун мугалимдери, музыкалык-педагогикалык окуу жайдын мугалимдери үчүн тренингдерди, семинарларды, тегерек столдорду өткөрүп келет.

Белгилей кетсек, учурда Астанада “Жаңы реалдуулукта Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин түзүлүшү жана пандемиядан кийинки мезгилде билим берүү процессинин трансформациясы” деген темада мугалимдер жана билим берүү кызматкерлеринин VII съезди өтүп жатат.

Фестивалга Кыргызстан, Армения, Беларусь, Казакстан, Россия жана Тажикстандан 51 катышуучу катышты. Салтанат Кеңешчоро кызын жеңиши менен куттуктап, чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз.