“Бишкексууканал” башкармалыгынын кызматкерлери өздөрүнүн кан басымын билүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. №6 ҮМБнын медицина кызматкерлери каалоочуларды текшерип, оорунун алдын алуу боюнча кеңештерин беришти.
“Кан басымыңды бил” акциясынын алкагында ар бир адам артериялык гипертензия боюнча өз билимин баалап, талдай алышты.
Акциянын максаты - калктын гипертониялык оорулардын өтүшүп кетишини алдын алуу жана тобокелдик факторлору боюнча маалымдуулугун жана билимин жогорулатуу болуп саналат