“Бала Келечекте” долбоорун ишке ашыруунун алкагында муниципалитеттин өкүлдөрү № 22 мектепке чейинки билим берүү уюмунда болушуп, ийримдердин иши менен таанышты.

Учурда 4 ийрим: робототехника, шахмат, сүрөт жана моделдөө, «Кийизден керемет» жана «Мен өспүрүм» психология курсу иштейт.

30 кичинекей шаар тургуну ийримдер менен машыгышат.

Долбоордун автору ийримдерге экскурсия өткөрүп, долбоордун ишке ашырылышы жана келечектеги пландары тууралуу айтып берди.

Мэриянын өкүлдөрү балдардын чыгармачылык дараметин өнүктүрүүгө багытталган ишке ашырылып жаткан долбоордун маанилүүлүгүн белгилешип, мындан аркы ийгиликтерди каалап, бул багыттагы иштер мындан ары да уланып, башка билим берүү мекемелеринде дагы ушундай бекер ийримдерди  ачууга үлгү болот деген ишенимин билдиришти.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын март айында Бишкек шаарынын мэриясы «Мыкты шаар долбоорлору» сынагын жарыялап, анын жеңүүчүсү Индира Дууланова «Бала Келечекте» долбоорун сунуштаган.

Сынактын негизги максаты шаардыктарды жана уюмдарды жагымдуу шарттарды түзүүгө, кызыктуу шаардык долбоорлорду аныктоого, ошондой эле алдыңкы тажрыйбаларды жана демилгелерди киргизүүнүн системалуу механизмин түзүүгө тартуу болгон.