Эл аралык карылар күнүн утурлай Октябрь акимиаты райондогу кылым карыткан тургундарына барды.

Башчынын орун басары Чынара Жаныкеева быйыл 102 жашка толгон Хузиахметов Габдулла Шагивалеевич менен Аманкулова Вера Петровнага барды. Акимдин орун басары чың ден соолук, узун өмүр каалап, белектерин тапшырды.

Борбор калаанын муниципалитети шаардыктарды Эл аралык карылар күнү менен куттуктап, бардыгына чың ден соолук жана бакубатчылык каалайт.