Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин маалыматы боюнча, коомдук транспорттун трафареттик чарбасы боюнча иштер жүрүп жатат.

Маалымат такталары (трафареттер) расмий тилден мамлекеттик тилге которулууда.

2013-жылдын 18-июнундагы №153 Шаардык транспорт башкармалыгынын буйругуна ылайык мамлекеттик тилде иш алып баруу  жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө, коомдук транспортто жайгашкан маалымат такталардын (трафареттер) 80% пайызы которулду.