"Айданек" жашы жете элек балдар үчүн реинтеграция борборунун балдары Бишкек шаардык улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн социалдык стационардык мекемесине барышты.

Балдар чоң ата, чоң энелерди Эл аралык карылар күнү менен куттукташып, аталган стационардык мекемесинин жашоочулары үчүн майрамдык концерт уюштурушту. Балдар өз колу менен жасалган белектерди тапшырышып, жагымдуу маанай тартуулашты.

Чоң ата, чоң энелерибизди куттуктайбыз, баардыгыңыздарга чың ден-соолук каалайбыз.

Маалымат: "Айданек" борборунда турмуштук оор кырдаалга кабылган, кароосуз  калган 3 жаштан 18 жашка чейинки балдар турат. Учурда борбордо 14 бала бар.