Эл аралык карылар күнүнө карата район башчысы Русланбек Тагаев Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген дарыгери Хаким Бебезов менен жолугушту.

Аким райондун ардактуу атуулуна чың ден соолук, бейпилдик, узун жана бактылуу, дөөлөттүү карылык каалады.

Бебезов Хаким Сулайманович - медицина илимдеринин доктору, профессор, хирург, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген дарыгери, Эл аралык чыгармачылык академиясынын академиги (2000). Торакалдык, абдоминалдык хирургия, хирургиялык эндокринология, пластикалык хирургия жана порталдык гипертония боюнча адис. «Даңк» медалы менен сыйланган.

190дон ашык илимий эмгектери, анын ичинде 6 монография, 4 патент жарык көргөн. Анын жетекчилиги астында 3 докторлук жана 15 кандидаттык диссертациялар корголгон.