“Бишкексууканал” башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 4-октябрда саат 9.00дөн 22.00гө чейин калаанын айрым жерлеринде  ичүүчү сууну берүү токтотулат.

Өчүрүү району: Күреңкеев, Абдрахманов,  Элебесов, Бельский көчөлөрү, Ала-Арча суусу,  Жибек-Жолу проспектиси, Ж.Гвардия бульвары, ЧЧК, Саадаев  көчөсү  менен чектелет.

Ошондой эле «Красный Строитель» , «Ак-Тилек»,  «Көлмө» , «Алтын Бешик», «Салам Алик»  конуштарында дагы суу берүү токтотулат.

«Северный» суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.