Ленин акимиатында райондун ишкерлери менен жолугушуу уюштурулду. Ленин районунун аппарат жетекчиси, райондук прокурордун орун басары, райондук МСКБнын башчысы, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Жолугушууда ишкерлерде пайда болгон көйгөйлүү маселелер жана аларды чечүү жолдору, ишканалар менен маалыматтык-консультациялык иштер, ошондой эле ар кандай деңгээлдеги ишкердикти колдоо талкууланды. Райондун прокурорунун орун басары прокуратура органдарынын ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири ишкердик субъекттеринин укуктарын коргоо экендигин белгиледи.

КР Президентинин "Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө" Жарлыгына ылайык, укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын ишкердик субъекттеринин ишине негизсиз кийлигишүүсүн токтотуу, ишкердик иш-аракеттерге тоскоолдук кылбоо жана менчик ээлеринин мыйзамдуу укуктарын бузбоо тапшырылды.

Салык жана укук коргоо органдары, райондун мамлекеттик жана муниципалдык кызматтары тарабынан ишкердик субъекттеринин ишине мыйзамсыз кийлигишүү болгон учурда ишкерлер райондук прокуратурага, анын ичинде ишеним телефону аркылуу кайрыла алышат.

Жолугушуунун алкагында ишкерлер аларды кызыктырган ар кандай суроолорду бере алышты, аларга толук жооптор берилди. Ошондой эле райондун жана жалпысынан шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө ишкердик ишмердүүлүктүн өзгөчө мааниси баса белгиленди.

Талкуунун жыйынтыгы боюнча катышуучулар ишкерликти коргоо жана колдоо чөйрөсүндөгү көйгөйлөрдү натыйжалуу чечүүгө даярдыгын жана мындан ары тыгыз өз ара аракеттерге ыраазычылыктарын билдиришти.