Жашылдандыруучулар Манас, Фрунзе, Токомбаев, Ахунбаев, Каралаев, Шабдан -Баатыр, Шопоков, Абдрахманов көчөлөрүндө жана Эмен,  “Физкультурный” сейил бактарында сугат иштерин жүргүзүүдө.

Жашыл майсандарды жана бадал тосмолорду тегиздөө иштери Юнусалиев, Жукеев-Пудовкин, Шабдан-Баатыр,Чолпон-Ата көчөлөрүндө жана “Ынтымак” 1, 2 сейил бактарында өттү.

Жеңиш аянтындагы, Жаштар аллеясындагы, Уркуя Салиева атындагы кичи сейил бактагы жана Бишкек баатырдын эстелиги менен Масалиев көчөсүндөгү гүлзарларда отоо жана тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Санитардык бутоо иштери Жантөшов, Рыскулов, Сокулук көчөлөрүндө жүргүзүлдү.