Көрктөндүрүүнү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы Учкун кичи районундагы гараждарды бузуу иштерин баштады.

Инспекция буга чейин гараж ээлерине аталган жерди 30-сентябрга чейин бошотуу боюнча эскертүүлөрдү берген.

Аталган объектилер Свердлов шаардык соту тарабынан ушул жылдын 3-августунда мыйзамсыз деп табылган. 117 гараж бузулууга тийиш. Учурда инспекция 5 гаражды демонтаждады. Ээлери тарабынан 10 гараж алынган. Демантаждоо иштери уланууда.