Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери үчүн “Иштиктүү кыргыз тили” окуу курстары өткөрүлүүдө.

Окууларды филология илимдеринин доктору, педагогика илимдеринин кандитаты Үмүт Култаева өтүп жатат.

“Иштиктүү кыргыз тили” окуу курстарын аяктаган кызматкерлерге тастыктамалар тапшырылууда.

Аталган окуулар “Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын” ишке ашыруу максатында өтүлүп жатат.