Урматтуу бишкектиктер жана борбор калаанын коноктору! Сиздерди калаанын райондорунда өтө турган айыл чарба жарманкесине чакырабыз.

Биринчи май районунда жарманке ушул дем алыш күндөрү 1-2-октябрда саат 8:00дөн 18:00гө чейин И.Раззакова көчөсүнүн Киев-Токтогул көчөлөрүнүн ортосундагы жерде өтөт.

Эт, сүт азыктары, ун, бал, жашылча-жемиштер, жумуртка жана башка көптөгөн нерселер көрсөтүлөт.

Жарманке ошондой эле Октябрь районунда 2022-жылдын 1-октябрынан 31-декабрына чейин дем алыш күндөрү (ишемби жана жекшембиде) саат 07:00дөн 19:00гө чейин Н.Жетикашкаева көчөсүндө Айтиев көчөсүнөн А.Токомбаев көчөсүнө чейин өтөт.

Свердлов районунда ушул дем алыш күндөрү 1 жана 2-октябрда эртең мененки саат 8:00дөн 18:00гө чейин Төрөкул Айтматов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде өткөрүлөт.

Эт, сүт азыктары, ун, бал, жашылча-жемиштер, жумуртка жана башка көптөгөн азыктар сунушталат.

Жаңы өнүмдөрдү 50 ата мекендик өндүрүшчүлөр тартуулашат.

Жарманкени борбор калаанын мэриясы КР Айыл, суу чарба жана региондук өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте уюштурууда.