Шаар куруу жана архитектуралык ишмердүүлүк чөйрөсүндө бирдиктүү стратегиялык саясатты ишке ашыруунун алкагында Свердлов районунда муниципалдык администрациянын жана демөөрчүлөрдүн күч-аракети менен Москва көчөсүндөгү № 86 үйүнүн имаратынын фасадын калыбына келтирүү жана жакшыртуу иштери аяктады.

Үйдүн фасадын калыбына келтирүү иштери үч этап менен өттү:

- жаракаларды, бетондун сыныктарын оңдоо, ошондой эле имараттын зыян тарткан жерлерин оңдоо;
- атайын грунт  аралашмасы менен тазалоо;
- эки сыйра сырдоо.

Ишти “SANANGEL” компаниясы жүргүзгөн.

Борбор калаанын мэриясы имараттардын сырткы көрүнүшүн жакшыртууга кошкон салымы үчүн шаардыктарга ыраазычылык билдирет.