Бишкек шаарынын мэриясы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын талаптарына жооп бербеген жана уруксатсыз орнотулган жарнамаларды алуу иштерин улантып жатат.

Токтогул – Б.Бейшеналиева көчөсүнөн баштап Токтогул – Манас проспектине чейин алуу иштери жүргүзүлүп, 32 жарнамалык штендер, 37 жарнамалык пано, 43 жарнамалык баннер алынды.