№57 орто мектептин базасында Ленин акимиаты Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жана Республикалык ден соолукту чыңдоо кызматы менен биргеликте жыйын өткөрдү.

Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү чакырылгандар үчүн «Өспүрүмдөр жана жаштар арасында жаңы психотроптук заттар» баракчасынын презентациясы  менен жаңы психоактивдүү заттарды таратуунун жолдору жөнүндө айтып беришти.

Жыйынга жалпы билим берүү уюмдарынын, кесиптик лицейлердин директорлорунун тарбия иштери боюнча орун басарлары, Ленин райондук балдар иштери боюнча инспекциясынын кызматкерлери чакырылган.

Ошондой эле, Свердлов районунун акимчилигинин жыйындар залында «Өспүрүмдөр жана жаштар арасында жаңы психоактивдүү заттар» баракчасын колдонуу боюнча тренинг өткөрүлдү.

КР ИИМ Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкери Чолпон Табалдиева жана КР Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун өкүлү Анара Калиева баракчаларды кантип колдонуу керектигин айтып беришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө жаңы психоактивдүү заттардын  концепциясы, түрлөрү, таралуу ыкмалары, ошондой эле баңги заттарды колдонуунун негизги белгилери жана биргелешкен аракеттердин алгоритми талкууланды. Тренингдин аягында бардык катышуучуларга таркатма материалдар таркатылды.

Белгилей кетсек, бул нускама билим берүү мекемелеринин мугалимдеринин, балдар иштери боюнча инспекторлордун, компетенциясына баңгичиликтин алдын алуу маселелери кирген мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын ишинде колдонууга арналган.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде баңгизаттарды таратуу фактысы байкасаыздар, токтоосуз түрдө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына 0312660616, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык психиатриялык наркология борборуна 0312570938 телефону боюнча билдирүүнү өтүнөбүз.

Өзүңүзгө жана балдарыңызга кам көрүңүз!