Эл аралык карылар күнүнө карата Биринчи май районунун аймагында майрамдык иш-чара өткөрүлдү.
Малдыбаев көчөсү №22 дарегинин коросунда Улуу Ата Мекендик жана Ооган согушунун ардагерлерине таазим иш-чарасы болуп өттү.
Майрамдын ардактуу коногу болуп генерал-полковник Абдыгул Чотбаев катышты.
Майрамда Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин оркестринин коштоосунда райондун турмушуна кошкон салымы үчүн 9 ардагерге алкыш баракчалары тапшырылды.
Согуш темасындагы ырлар жаңырды.
Эске салсак, 1990-жылдын 14-декабрында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы 1-октябрды Эл аралык карылар күнү деп кабыл алышкан.