Күз мезгилинин башталышы менен «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы  көчөттөрдү кышка даярдоо менен алек.

Бишкектин “жашыл” тургундарына үшүктөн аман өтүү үчүн багбандар көп эмгек кылышы керек – сууктун алдында аларды сугаруу зарыл. Жашыл көчөттөрдү кыштан ийгиликтүү өткөрүүгө даярдоо максатында багбандар көчөттөрдү каныктыра сугара  башташты. Ал кадимки жайдан айырмаланып, суунун алда канча көп көлөмүн талап кылат.

Жетиштүү нымдалган топурактын жылуулук өткөрүмдүүлүгү жогору жана төмөнкү горизонттордон келген жылуулуктун өсүмдүктөрдүн тамырларын эркин жылытууга мүмкүндүк берет.

Бишкек шаарынын Юнусалиев, Тыныстанов, Логвиненко, Тоголок-Молдо көчөлөрүндө, Березовая, Каражыгач токоюнда, Д.Асанов, Түлөбердиев парктарында  сугат  иштери жүргүзүлүүдө.

Муну менен катар жашылдандыруучулар Манас, Фучик, Ибраимов проспектилеринин боюндагы жашыл аймактарды жалбырактардан тазалоодо.

Ошондой эле Байтик-Баатыра-Масалиев, Жибек-Жолу, Огонбаев көчөлөрүндөгү куураган жана кооптуу бутактарды санитардык бутоо менен бак-дарактарды күзгү жаан-чачынга даярдоо иштери жүрүп жатат.