«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы Свердлов районун камтыйт. Куруучулар шаарчасында сырткы жарыктандыруу тармактарын реконструкциялоо иштери аяктады.

Адистер 66 светодиоддук чырак, 18 даана темир-бетон мамычаларын орнотту, ошондой эле 661 метр узундуктагы өзүн өзү көтөрүүчү изоляцияланган зым (СИП) тартылды.

Мындан тышкары энергетиктер 1100 метр узундуктагы кабелдик электр чубалгыларын тартып, 44 даана темир мамыларды, чырактар үчүн 20 кронштейн орнотушту.

Белгилей кетсек, ишкана темир тирөөчтөрдү, бетон негиздерди өзүнүн цехинде чыгарат.

Урматтуу шаардыктар! Көчөңүздө капыстан караңгы болуп калса, ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы ар дайым сиз үчүн иштейт: (0312) 46-30-89, 57-63-51, WhatsApp: 0777 902-115.

"Бишкекжарык" МИ  дагы социалдык тармактарда:
Фейсбук: https://www.facebook.com/Bishkeksvet312
Instagram: @mp_bishkeksvet
Twitter: @Bishkeksvet

Биз ар дайым байланыштабыз!