«Кыргыз тили коомунун» төрагасы кыргыз тилинин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн башкармалыктын жамаатына ыраазычылык билдирип, сыйлыкты тапшырды.

Мындан тышкары, Мамлекеттик тил күнүнө карата акимчиликтин имаратында кыргыз тилинин өлбөс-өчпөс мурасын чагылдырган накыл сөздөр илинген.

Эске салсак, Бишкек троллейбус башкармалыгы мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча бир топ иштерди аткарып жатат. Транспортто аялдамалар кыргыз тилинде айтылып, аялдамалардын жазуусу жазылган трафареттер толугу менен кыргыз тилинде жазылган.