Биринчи май акимчилигинин имаратында райондун ишкерлери менен жолугушуу уюштурулду.

Ага башчынын биринчи орун басары, райондук прокурордун орун басары, райондун салык кызматынын башчысынын орун басары, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү катышты.

Ишкерлерден келип чыккан көйгөйлүү маселелер жана аларды чечүү жолдору, ишканалар менен маалыматтык-кеңеш берүү иштери, ошондой эле ар кандай деңгээлдеги ишкердикти колдоо маселелери талкууланды.

Райондун прокурорунун орун басары прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүндөгү приоритеттүү багыттардын бири ишкердик субъекттеринин укуктарын коргоо экендигин белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Менчикти коргоо жана ишкерлерди жана инвесторлорду колдоо жөнүндө” Жарлыгына ылайык, фискалдык жана көзөмөлдөөчү органдардын ишкердиктин ишине негизсиз кийлигишүүсүн жана ишкердик субъекттердин иш-аракетине тоскоолдук кылууну жана менчик ээлеринин мыйзамдуу укуктарын бузууну токтотуу тапшырылды.

Райондун салык жана укук коргоо органдары, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтары тарабынан ишкердик субъекттеринин ишмердүүлүгүнө мыйзамсыз кийлигишкен учурда, ишкерлер райондук прокуратурага, анын ичинде ишеним телефон аркылуу да кайрылса болот.

Жолугушуунун алкагында ишкерлер өздөрүн кызыктырган бардык суроолорун беришти.

Ошондой эле райондун жана жалпы шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү ишкердиктин өзгөчө мааниси баса белгиленди.
Биринчи май районун көрктөндүрүүгө кошкон салымы үчүн мекеме-ишканалардын өкүлдөрүнө жана ишкерлерге акимчиликтин алкыш баракчалары тапшырылып, жолугушуу жагымдуу жыйынтыкталды.

Талкуунун жыйынтыгында катышуучулар ишкердикти коргоо жана колдоо жаатындагы көйгөйлөрдү натыйжалуу чечүү боюнча мындан аркы тыгыз кызматташууга  даяр экендиктерин билдиришти.