Урматтуу шаар тургундары! Сиздерди олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр мектептеринин ачык эшиктер күнүнө чакырабыз.

Ачык эшиктер күнүндө сиз балаңыз менен биргеликте спорт мектебине келип, спорттун өзгөчөлүктөрү, машыгуулар кандай өтөт, ким машыктырат, сиздин балаңызга спорттун кайсы түрү туура келет, машыктыруучудан жеке консультация алып, акырында жазыла аласыз. Мектептерде окуу бекер.

27-сентябрда:
- «Жаштык» күрөш залында грек-рим күрөшү боюнча ачык машыгуу жана ата-энелерге, балдарга машыктыруу-тарбиялоо процесси боюнча жеке консультациялар өткөрүлөт. Консультациялар саат 8:00-10:00, 17:00-18:30, ал эми ачык машыгуу 8:30да башталат. Адреси Малдыбаев №1А;
- «Аю Гранд» соода борборунда жайгашкан 9X19 тиринде ок атуу боюнча ачык машыгуу. Башталышы саат 11:00;
- Абай №2 адресинде жайгашкан «Самбист» спорт комплексинде самбо боюнча ачык машыгуу, машыктыруу-тарбиялоо процессинин маселелери боюнча ата-энелерге, балдарга жеке консультациялар пландалууда. Ачык машыгуу 15:30 башталат, ал эми консультация 8:00-9:30, 15:30-17:00, 17:00-18:30 убактарында өтөт;
- 6 кичирайондогу №56 орто мектепте ата-энелерге, балдарга каратэ-до боюнча жеке консультацияла пландаштырылган. Убактысы 16:00-21:30.

28-сентябрда:
- «Deluxe» күрөш залында 9:30-11:30, 15:00-16:30, 18:00-19:30 убактыларында дзюдо боюнча жеке консультация, ал эми кечки 18:00до ачык машыгуу. Зал 11-кичирайондо жайгашкан.
- «Спартак» күрөш залында дзюдо боюнча ачык машыгуу. Башталышы 15:30;
- №5 мектеп-лицейинде каратэ-до боюнча ачык машыгуу. Башталышы 19:30;
- Көркөм гимнастика бөлүмү гимнастиканын түрдүү багыттарын демонстрация кылып, каалоочулар жеке консультация алса болот. Зал Тыналиев көч., 12Д дарегинде жайгашкан. Башталышы 16:30;
- Көркөм гимнастика боюнча жеке консультацияны Байтик Баатыр, №36А дарегинде жайгашкан «Эврика» мектебине барып дагы ала аласыздар;
- Шахмат боюнча ачык машыгуу Бөкөнбаев №104 дарегиндеги «Импульс» борборунда өтөт. Башталышы 9:00.

29-сентябрда:
- 5-кичирайондогу «Луч» балдар спорт комплексинде көркөм гимнастика боюнча ачык машыгуу. Башталышы 8:30;
- Самбо боюнча ачык машыгуу. Адреси: Көк-Жар, №16. Башталышы саат 18:00;
- Чүй №99 дарегинде жайгашкан «Алыш залында» алыш боюнча ачык окуу-тренинг. Башталышы 19:00;
- Көлбаев №25 адресинде жайгашкан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар мектебинде шахмат боюнча ачык сабак. Башталышы 15:00;
- Грек-рим күрөшү боюнча ачык машыгуу «Ала-Тоо» жаңы конушунда жайгашкан «Ала-Тоо» спорт комплексинде. Башталышы15:00.

1-октябрда:
- « PAVO» бильярд клубунда «Эркин пирамида» боюнча бильярд оюну. Башталышы 13:00;
- «Восток 5да» жайгашкан спорттук-эс алуу комплексинде:
-таэквондо боюнча саат 10:00;
-кикбоксинг боюнча саат 10:30;
-Күрөшү боюнча саат 11:00до демонстрациялык аткарууларга күбө болуп жана жеке консультация ала аласыздар.
- Стол тенниси боюнча ачык сабак Абдрахманов №170 дарегинде өтөт. Башталышы 16:00.

3-октябрда:
- «Газпром» спорттук-эс алуу комплексинде футбол боюнча ачык машыгуу. Башталышы 9:00.

4-октябрда:
- Пролетарская №12 дарегиндеги «Эдельвейс» спорт комплексинде баскетбол боюнча көрсөтмөлүү машыгуу өткөрүлөт. Башталышы 10:00;
- Оор атлетика боюнча классификациялык мелдештер оор атлетика спорт мектебинде өткөрүлөт. Дареги Жукеев-Пудовкин №41А. Башталышы 14:00;
- Жумушчулар шаарчасында кулатуу боюнча ачык окуу. Башталышы саат 17:00:
- Арча-Бешик конушунда жайгашкан №93 орто мектептин спорт залында грек-рим күрөшү боюнча ачык машыгуу. Башталышы 15:00.

5-октябрда:
- Аламүдүн-1 кросс трассасында велоспорт боюнча «Кросс Кантри». Башталышы: 11:00;
- Абдрахманов, №170 дарегинде тогуз коргоол боюнча ачык сабак. Башталышы саат 15:00:
- «Беш-Сары» күрөш спорт залында грек-рим күрөшү боюнча ачык машыгуу. Бейшеналиева №42А. Башталышы 10:00.

6-октябрда:
- Көлмө жаңы конушунда жайгашкан №78 орто мектептин спорт залында күрөш боюнча ачык машыгуу өткөрүлөт. Башталышы 9:00.

7-октябрда:
- “Политех” күрөш залында эркин күрөш боюнча ачык машыгуу. Дареги Ч.Айтматов №66. Башталышы 15:00;
- «Динамо» спорт залында самбо боюнча ачык машыгуу. Дареги Водопроводная №4. Башталышы 8:00.

Урматтуу ата-энелер! Спорт тартипке салат, максаттуулукту, туруктуулукту, жоопкерчиликти жана өз алдынчалыкты, командада иштөөнү, лидерликти, өз денеңди сезүү жана түшүнүү жөндөмүн өстүрөт. Баарыңыздарды жаш бишкектиктердин спорттук майрамында күтөбүз!