Ленин районунун Жамгырчинов көчөсүндө жайгашкан үйдөн чыккан өрттү өчүргөн №6 өрт-куткаруу бөлүмүнүн кызматкерлери менен Ленин районунун акими Русланбек Тагаев жолукту.

2022-жылдын 23-июнунда Жамгырчинов көчөсүндө жайгашкан үйдөн катуу өрт чыккан. Өрт өчүрүүчүлөр 3 саат бою өрт менен күрөшүп, нөөмөт учурунда өрт өчүрүүчүлөр ар кандай деңгээлдеги күйүк алган. Натыйжада өрт локализацияланып, толугу менен өчүрүлгөн. Тургундардын арасында жабыркагандар болгон эмес.

Район башчысы өрттү өчүрүүдө көрсөткөн кайраттуулугу жана эрдиги үчүн өрт өчүрүүчүлөргө ыраазычылык билдирип, муниципалдык администрациясынын ыраазычылык катын тапшырып, материалдык жардам көрсөттү.