Баткен окуясынан жабыркагандарга гуманитардык жардам чогултуу пунктарынын ишинин натыйжасында, бишкектиктер жалпысынан 552 563 сом өлчөмүндө каржылык колдоо көрсөтүштү.

Ошондой эле 12357 кг ун, 49311 кг шекер, 3095 литр өсүмдүк майы, 1393 даана консервацияланган азыктар, 7035 кг ун азыктары, 9065 кг гигиеналык каражаттар, 4007 медициналык керектөөлөр, 2700 кг жер-жемиштер,  2847 кг дан азыктары 351 кг кондитердик азыктар жана кийимдер жөнөтүлдү.

Урматтуу шаардыктар! Сиздердин биримдигиңиздер үчүн рахмат!