2022-жылдын 16-сентябрынан тартып Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык аймактык башкармалыктардын жана муниципалдык администрациялардын бардык имараттарында 24 гуманитардык жардамдарды кабыл алуу пункттарын ачты.

Ошондой эле К.Кожомкул атындагы Спорт ордосунун административдик имаратында  гуманитардык жардамды чогултуу боюнча республикалык штаб  жайгаштырылды. Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан штабдын материалдык-техникалык жактан жабдылышы, Бишкек шаарынын мэриясынын жана муниципалдык администрациялардын жооптуу кызматкерлери тарабынан жарандардан келип түшкөн гуманитардык жардамды кабыл алуу, каттоо жана жөнөтүү боюнча күнү-түнү нөөмөт уюштурулду.

Гуманитардык жардам пунктуна шаардыктар тарабынан 334 миң 83 сом акчалай жардам, 11 078 кг ун, 3 598 кг кумшекер, 1 649 литр май, 804 консерва, 4 997 кг дан азыктары, 1 438 кг жашылча-жемиш, 7 047 даана гигиеналык каражаттар 3718 даана медициналык каражаттар чогултулду.

Мындан тышкары Баткен облусуна жөнөтүү үчүн республикалык штабга жарандардан кийим-кече, дан азыктары, кондитердик азыктар, чай, кофе ж.б. алынып келүүдө.

Жалпысынан Бишкек шаарындагы Республикалык штабдан Баткен облусунун тургундарына 17 жүк ташуучу унаа менен 335,3 тонна гуманитардык жүк жөнөтүлдү.