«Көлмө» конушунда жаңы амбулатория ачылды.

Бул иш-чарага Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Бактыбек Абдиев, Максат Алымбеков, «Ассанабилл» коомдук кайрымдуулук фондунун директору Абделкарим Али М., №3 ҮМБнын директору Мунаркан Өмүралиев, жаы конуштарынын тургундары күбө болушту.

Иш-чаранын жүрүшүндө Максат Сазыкулов фонддун директоруна акимчиликтин Ардак грамотасын жана подрядчикке алкыш баракчасын тапшырды.

Амбулатория Максат көчөсүндө жайгашкан, имараттын аянты 150 чарчы метрди түзөт.  «Арч СС» ЖЧКсы подрядчы болуп, 2 млн 700 миң сом өлчөмүндө каражат кайрымдуулук фонду тарабынан бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, “Ассанабил” коомдук кайрымдуулук фонду 2004-жылы түзүлүп, билим берүү объектилерин, медицинаны курууну каржылоо, коомдун социалдык абалын жакшыртуу жана өнүктүрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүп келет, Кыргызстандын бардык аймагында 4000ден ашык баланы камтыган бир айлык жөлөкпул, канцелярдык товарларды, кышкы кийимдерди сатып алуу ж.б. түлөрү боюнча балдарга жардам көрсөтүлүп келет.