Билим берүү башкармалыгы тарабынан №63 Ч.Айтматов атындагы мектеп-гимназиясынын базасында «Заманбап педагогикалык процессти уюштуруудагы жаңы ыкмалар» деген темада семинар-конференция болуп өттү.

Семинарда Бишкек шаарындагы мектеп мугалимдеринин Казань федералдык университетинин Елабуга шаарынын  Елабуга институтунда өткөн XII Эл аралык мектеп мугалимдеринин фестивалына катышуусунун жыйынтыктары тууралуу айтылды.

Мастер-класстар аркылуу мугалимдер өздөштүргөн окуу процессиндеги  уюштуруудагы инновациялык ыкмаларды Татарстанда көрүп аны иш жүзүнө ашырышты.

Гуманитардык жана табигый илимдер боюнча предметтерди окутууда 100гө жакын адам интерактивдүү жана санариптик технологиялар боюнча окуудан өтүштү.

Кыргызстандын Эл аралык PISA изилдөөсүнө катышуусунун алдында мугалимдер тарабынан “Орус тили сабагында окуу сабаттуулугун калыптандыруу” семинарында көтөрүлгөн маселе актуалдуу болду.

Пикир алмашуу жана суроолорго жооп бергенден кийин  коноктор үчүн №63 мектеп-гимназиясында Чыңгыз Айтматовдун  музейинде экскурсия өткөрүлдү.