Шаардын көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти орнотууну улантууда.

Инспекция Шүкүров көчөсүн кызыл сызыктан чыгып кеткен мыйзамсыз тосмолордон бошотууну улантууда.

Аталган көчөдө жолдун жүрүүчү бөлүгүн реконструкциялоо иштери аяктады. Ал эми жөө жүргүнчүлөр үчүн каралган тротуар бөлүгү жолдун четине чейин тургундардын тосмолору менен курулган. Жарандар 5 метрге чейинки муниципалдык жерлерди  (тротуар бөлүгү) бошотууга милдеттүү.

Бардыгы болуп 71 ушундай тосмолор бар. Түшүндүрүү иштеринин  жыйынтыгында  өз ыктыяры менен 36 тосмо алынып, 22 инспекция тарабынан демонтаждалды.Анын 22си темир дарбазалар, 5и туруктуу курулмалар (тосмо) болуп саналат.

Муниципалдык инспекция Октябрь райондук сотуна тротуар курууга тоскоолдуктарды жоюу боюнча 21 доо арыз менен кайрылган. Дагы 11 доо арызы даярдалып жатат.

Айта кетсек, ыктыярчылардын катарына кошулуп, текшерүүнүн дооматтарынан кийин айрым шаар тургундары курулуштарын бузууга киришкен.

Текшерүүдө баш ийбеген үй ээлеринин тосмолору муниципалитет тарабынан демонтаждалып, тротуар төшөлөрү эскертилет.