«Бишкек жашылчарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери «Ынтымак 2» жана «Ата-Түрк» сейил бактарында балдар үчүн кайрымдуулук акциясын уюштурушту.
Балдар үчүн аянтчада кызыктуу оюндар, сыйкырдуу поездде сейил багын аралап ат сарайга саякат кылуу уюштурулуп, 3 пони жана 3 ат тосуп алды.
Анткени, ат да уникалдуу тирүү машыктыруучу. Анын бул жөндөмүнүн аркасында майыптарды реабилитациялоонун эффективдүү ыкмаларынын бири болгон терапиялык ат минүү же иппотерапия ыкмасы пайда болгон.
Балдарды жана алардын ата-энелерин «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери коштоп, оюн-зооктон тышкары балдарга таттуулар да тартууланды.