“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматына караганда, 20-сентябрда саат 9:00дөн 18:00гө чейин борбор калаанын түштүк-чыгыш тарабына таза суу берүү токтотулат.
Муздак суу «Контррезервуар» суу алгычында жана шаардын суу түтүктөрүндө оңдоо-профилактикалык иштерди жүргүзүүгө байланыштуу убактылуу өчүрүлөт.
Өчүрүү аймагы: Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол линиясы. “Алтын Ордо”, “Кара-Жыгач”, “Полиция шаарчасы” конуштарында суу болбойт.
Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, мекемелерди ичүүчү суу камдап алууну суранат.