«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Алтын-Ордо конушундагы жаңы мектептин, ошондой эле  №10, №76 жана №99 мектептердин жанаша жайгашкан аймагын көрктөндүрүү иштерин бүтүрүштү.

“Мурас-Ордо” жаңы конушундагы мектеп 42 арча, 1000 м2 газон чөп жана 3 миң бир жылдык гүлдөр менен кооздолгон.

Учурда жашылдандыруучулар мектептин жанаша жайгашкан аймагын көрктөндүрүү иштерин толугу менен бүтүрүштү.

Мектептердин аймагы  чөптөрдөн, таштандылардан жана отоо чөптөрдөн тазаланды. Жерди тегиздеп, газон чөптүн уруктары себилип, ийне жалбырактуу бак-дарактар отургузулуп, мектептин короосуна кызыл сальвиа, ачык күрөң тагетеси сыяктуу бир жылдык гүлдөр айкалышып, тегерек гүлзарларга отургузулду.

Бул мектептин аймагын жашылдандыруу иштерине Биринчи май районундагы ишкананын 35 жумушчусу тартылган.

Жаңы мектептердин жанаша жайгашкан аймагына отургузулган ийне жалбырактуу өсүмдүктөрдүн тамыр системасы жабык болгондуктан, аларды жылдын каалаган мезгилинде отургузууга мүмкүндүк берет. Отургузулгандан кийин, өсүмдүктөрдү жакшылап суу сугарып, атайын азыктар менен азыктандырышты.