“Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери шаарды көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо иштерин улантууда.

Ишкананын кызматкерлери Тоголок Молдо атындагы гүлбакчасында  отургучтарды жана таштанды челектерин оңдоп, сырдап башташты. 50дөн ашык отургуч, 30 урна сырдалды. Жумушка 10 кызматкер тартылды.

Ошондой эле паркта 10дон ашык отургучтар оңдолот.

Калган парктарда жана гүлбакчаларда отургучтарды оңдоо жана сырдоо иштери улантылат.

Буга чейин кызматкерлер Өкмөт гүлбакчасындагы таманташтарды алмаштыруу иштерин бүтүргөн.